СЮТ (Ленинский) Жаш технитер станциясы

ЖОБО «Керемет жабдуулар»

ЖОБО

«Керемет жабдуулар»

Ленин районунун Жаш Техниктер Станциясы

Окуучулар арасында «Керемет жабдуулар» атындагы сүрөт конкурсун жарыялайт.

Конкурстун шарттары:

Конкурска Бишкек шаарынын бардык мектептеринин окуучулары жана Жаш Техниктер Станциясынын ийрим катышуучулары катыша алышат. 7 жаштан 15 жашка чейинки жаш балдар жана өспүрүмдөр уч жаш курак категориясында катыша алышат.

7 жаштан 9 жашка чейин;

10 жаштан 12 жашка чейин;

13 жаштан 15 жашка чейин;

Ар бир жаш курак категориясында 1, 2, 3 – орундар берилет.

Сүрөттүн өлчөмү А-3 ; А – 4 форматында болушу шарт.

Аткаруу  техникасы жана колдонулуучу материал –каалагандай , эркин.

Иштин саны – Ар бир катышуучудан бирден иш.

Конкурска жиберилген иштер кайра кайтарылбайт. Ал иштер ар кандай балдар чыгармачылыгынын көргөзмөлөрүндө биздин мамлекетте  жана чет мамлекеттерге балдардын чыгармачылыгын даңазалоо максатында колдонулушу мүмкүн.

Ишти өткөрүү тартиби:

Сүрөттөр 2019- жылдын 5-февралында саат 14.00 гө чейин кабыл алынат. Сүрөттөрдү почта аркылуу же Кривоносова көчөсү 11. №44- мектепке (Жаш Техниктер Станциясы  СЮТ) жеткирип бериңиздер.

Сүрөт төр 2 см паспорту түрүндө көргөзүлөт. Ар бир иштин арткы бетинде катышуучунун:

  • Аты, жөнү, жаш курагы, жашаган жери, телефон номери же электрондук дареги;
  • Окуган мектептин номери, Билим берүү мекемесинин аталышы жазылат.

Конкурсту  жыйынтыктоо.

2019-жылдын 11-февралында калыстар тобу конкурстун жыйынтыгын чыгарышат. Калыстар тобунда көркөм сүрөтчүлөр, коомдук уоюмдардын өкүлдөрү киргизилген. Конкурстун жыйынтыгы менен эң жакшы деген иштер көргөзмөгө коюлат.

 

Көргөзмөнүн ачылышы 11.02.2019ж.

Конкурстун жыйынтыгы 11.02.2019 жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөр белектер жана грамоталар менен сыйланат.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:

(0704) 45 19 91

(0552) 45 19 90    Гүлзат Жумабековна.