Код сааты дүйнөлүк акциясы.
Код сааты дүйнөлүк акциясы.
Жаш Техниктер Станциясынын “Жаш информатик” ийриминин жетекчилери Мусакеева Ж.Б. жана Догдурбек к Эркайым ийрим катышуучулары менен №50 мектептин базасында “Код сааты” дүйнөлүк акциясына, дүйнөлүк интернет тармагын колдонуу менен катышышты. Акциянын максаты: Окуучулардын заманбап интерактивдүү технологияларды колдонуу менен IT- индустрия тармагында проограммалоо жондөмдүүлүгүн арттыруу.Акциянын тапшырмалары Россиялык ири IT компаниялар жана дүйнөлүк алардын өнөктөштөрү: “Касперский Лабароториясы”, “Майкрософт”, “Кодвердс” жана “Зептолаб” компаниялары менен бирдикте иштеп чыгышкан. Тапшырмалар мектеп окуучулары үчүн иштелип чыккан жана татаалдыгы үч деңгээлден турат.
- баскычында балдар Компьютердик тилде программалоонун башатын жана эң негизги элементтери менен таанышышат. Бул 1-4- класстарга ылайыкталган деңгээл.
- Баскыч 5-7-класстарга тапшырмалар бир аз татаалыраак жана алардын жаш курагына ылайыкталган.
- Баскыч өспүрүмдөр 8-11- класстар үчүн кийинки деңгээл жеткиликтүү жана бул эң татаал тапшырмалар болуп эсептелет.
Акциянын аягында 64 ийрим катышуучулары сертификат жана футболкаларга ээ болушту.
Комментарии