СЮТ (Ленинский) Жаш технитер станциясы

Отчеттор

Бишкек шаарынын Ленин районунун Жаш Техниктер Станциясынын  2017- 2018 окуу жылындагы Окуу – тарбия иштери боюнча отчёту:

Планга ылайык Жаш техниктер станциясынын тиричилик аракетинде милдеттерди ишке ашыруу боюнча конкреттүү этапта максаттуу иш аракеттер жүргүзүлдү. Негизги максаттардын бири болуп үзгүлтүксүз окуу процессин түзүү жана ошону менен бирге тарбия иштерин алып кетүү болуп саналат. Администрациянын жана педагогдордун негизги иш – аракеттери балдардын адеп-ахлактык жактан калыптанышына, физикалык жактан ден-соолугу чың, чыгармачылыкка жөндөмдүү жана келечекте кесип тандоосуна жол көрсөтүүгө жумшалган.

2017-2018- окуу жылында педагогдорго төмөнкү максаттар коюлган:

  • Өз ишин өркүндөтүү жана окуучулардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу;
  • Билим берүүнүн жалпы маданиятын жана окуучулардын чыгармачылык менен өзүн-өзү көрсөтүүсүн өнүктүрүү;
  • Жарандык, мекенчилдик жана адеп-ахлактык жактан калыптанышы;
  • Жашоодогу коопсуздук эрежелерин практика жүзүндө билүүсү, ден-соолугун чыңдоо;

Жаш техниктер станциясынын берилген милдеттерге жана максаттарга негизденүү менен аныкталган окуу-тарбия иштеринин артыкчылыктуу багыттары:

  • Окуу- таанып билүү иштери
  • Адеп-ахълактык тарбия
  • Жарандык – патриоттук жана укуктук тарбия
  • Спорттук, ден-соолукту чыңдоо иштери
  • Ата-энелер менен өз ара иш алып баруу
  1. Окуучулардын контингентин талдоо, мүнөздөө:

2017-18- окуу жылында 804 топтордо 2021 окуучу, 1- жылдык окутуу-1007, 2-жылдык окутуу- 804 окуучу, 3- жылдык окутуу -251 окуучу. Ошентип 1- жылдык окутуу -49,8% түзөт, 2- жылдык окутуу -39, 78% түзөт, 3- жылдык окутуу -12,41% түзөт. Контингент боюнча курам: кыздар -1025, балдар -771. Социалдык паспорт боюнча: 341 баланын ичинен, 142 бала көп балалуу үй-бүлөдөн, 3 – жакыр үй-бүлөдөн, 2- майып балдар, 3- тобокелчилик тобунан, 63 – толук эмес үй-бүлөдөн, 88- аз камсыз болгон үй-бүлө, 27 – жарым жетим, 2- туугандары менен жашайт, 11 – томолой жетим.

Жүргүзүлгөн талдоо Жаш техниктер станциясында стабилдүүлүктү, салыштырмалуу сандык курамын жана кружоктордо балдардын санынын көбөйүшүн аныктоого мүмкүндүк берет.

III.      Окуу- педагогикалык иш.

Окууту – педагогикалык иш балдардын ар тараптан жөндөмдүүлүгүн ачууга багытталган.

Билим берүү процессинин окутуу программасы:

Жаш техниктер станциясында билим берүү иши кошумча билим берүү программасы ар кандай багытта жана ар кандай деңгээлде ишке ашат.

2017-2018 окуу жылында Жаш техниктер станциясы кошумча билим берүү боюнча озунө 38 кошумча программаны камтып 5 багытта иш алып барды.

Баардык окутуу программалары төмөнкү негизде жиктелген.

Багыттары:

  • Көркөм – эстетикалык – 4 программа (10,5%)
  • Спорт жана интелектуалдык – 1 программа (2,7%)
  • Маалымат жана колдонмо – 9 прграмма (23,6%)
  • Көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк – 17 прогамма (44,8%)
  • Техникалык – 7 программа (18,4%)

Ошентип 2017-18 окуу жылында бардык багыттардын ичинен Жаш техниктер станциясынын башкы багыты болуп “Көркөм өнөр жана кол өнөрчүлүк “– (17 прогамма (44,8%)) багыты балуп калмакчы. Андан кийин “Маалымат жана колдонмо” – (9 прграмма (23,6%)) жана “Техникалык “–( 7 программа (18,4%)) багыты турат. Жогорудагы айтылган багыттагы кружоктор салттуу түрдө өзгөртулгөн жана ылайыкташтырылып иштелип чыккан программалардын негизинде иштейт.

Көпчүлүк ишке ашкан программалар өзүнө интегралдык мүнөздү камтыйт жана ар турдүү курактагы, көпчүлүк окуу программалары аралаш топторго тактап айтканда кыздарга жана балдарга да ылайыкташтырылган.

  1. Методикалык ишти талдоо мугалимдердин ишин байкоо менен бирге берилген иштин аткарылышын негизинде жана ар бир мугалимдин бир жылдык отчетторунун жыйынтыгында жасалды.

Кошумча билим берүү тармагындагы мугалимдер – булар өз ишинин мыкты адиси болушу абзел. Анткени алар жөн гана билимдин көлөмүн берип эле койбостон, анын мобилдик жагын уйрөтүп, маселени чечүүдө ар кандай жолдорун колдонууну, берилген тапшырманы өз алдынча жана чыгармачылык изденүү менен аткарууну үйрөтүүлөрү шарт.

Методикалык бирикме «Повышение техническо-познавательного интереса – как мотивация к предпрофильной ориентации учащихся» деген темада иш алып барды. Бүгүнкү күндө мугалимдердин заманга ылайык тынымсыз өсүүсү жана улам жаңы методдорду колдоно билүүсүн узгүлтүксүз профессионалдык жактан өсүүсү жок элестетүү кыйын.

Жаш техниктер станциясында 25 тажрыйбалуу мугалимдер иштешет.

Мугалимдердин кызматтык тажрыйбасы:

  • 10 жылга чейин – 13 адам
  • 20 жылга чейин – 6 адам
  • 20 дан өйдө – 6

Мугалимдер өз убагында билимин өркүндөтүү курстарынан, аттестациядан отүп турушат. Кошумча билим берүү мугалимдеринин билимин өркүндөтүү формасы:

  • Курстар -4
  • Теориялык жана практикалык семинарлар- 25
  • Өзун- өзү окутуу- 20
  • Ачык сабактар жана иш чаралар – 7
  • Консультациялар – 6
  • Мастер класстар – 8
  • Тажрыйба алмашуу ж.б.- 6

Кошумча билим берүү боюнча мугалимдердин кесиптик жана инсандык жактан өсүүсү үзгүлтүксүз жана системалык түрдө ишке ашат. Мугалимдердин кесиптик өсүшү үчүн милдеттүү шарт болуп, маалыматтык жана инновациялык технологияларды функционалдык түрдө билүүсү шарт. Жаш техниктер станциясында ар бир мугалимдин иш алып баруусунун үстүнөн жана жалпы коллективге мониторинг (көзөмөл) жүрүп турат. Педагогикалык отурумдарда ар бир мугалимдин чыгармачылык отчеттору жана педагогикалык маселелер талкууланат. Инновациялык технологияларды билим берүү процессине киргизүү жөнүндө жана мекемеде усулдук ишти жакшыртуу үчүн активдүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө жана ошондой эле жаңы идеялар , илимий усулдук иштер үчүн комплекстүү ыкманы ишке ашырууга багытталган. Проекттин үстүндө иштөө мугалим менен окуучунун байланыш системасын өзгөрттү.

 

Биздин жетишкендиктер:

КР Билим жана Илим министрлигинин жана балдардын “Алтын Түйүн” инженерлик – техникалык академиясы биргеликте уюштурган “Атам, Апам жана Мен – Техникалык уй- бүлө” конкурсунда 1 – орун; –  “Биз XXI – кылымдын  интелектуалдары” конкурсунда «Робототехника и автоматизированных технологии» номинациясында – 2 – орун; – Эл аралык жаштардын Кытай мамлекетинин Цян Су аймагында өткөн живопись фестивалында – 2- орун;

V. кружок жетекчилеринин квалификациясын жогорулатуусу. 2017-2018 окуу жылында 6 кружок жетекчиси билимин жогорулатты:

Ф.И.О база сроки
1 Иванова Юлия Владимировна ИПКиПК им М.Р Рахимовой 17.01-24.01.18
2 Мусакеева Жазгул  Бактыбековна МОиНКР 21.05-01.06.18
3 Бейшекеева Баян Сартпаевна РУМЦЭВ Балажан 4.01-7.01.18
4 Тогузакова Гулнур  Тургунбаевна РУМЦЭВ Балажан 4.01-7.01.18
5 Бейшекеева Баян Сартпаевна МОиНКР ФХКиКГУ имИ. Арабаева 4.06-19.06.18
5 Тогузакова Гулнур  Тургунбаевна МОиНКР ФХКиКГУ имИ. Арабаева 4.06-19.06.18

  VI. Уюштуруу – тарбия иштери

 Окуу жылдын ичинде төмөнкү иш – чаралар откорүлдү:  «Организация досуга в дни каникул», «Организация и проведение мероприятий по правилам дорожного движения», «Поощрение или наказание детей» деген аталыштагы иш – чаралар методист Гулзат Жумабековнанын уюштуруусунда өттү.  Бекитилген тарбия иштери боюнча планга ылйык кружок жетекчилери үч айлык “«В здоровом теле –здоровый дух»” деген аталыштагы иш чарага ылайык бир нече темаларда «Насвай – это наркотик  или табак», «Осторожно линии электро-передач» класстык сааттар, спорттук эстафеталык оюндар уюштурулду.

Жаңы жылдык майрамга карата окуучулар абдан көп эмгектерди жасашты. Чоподон ар кандай персонаждарды, кагаздан ар кандай технологияда өздөрүнүн таланттарын көрсотө алышты. “Жаңы жыл ар кайсы улуттардын салтында” аттуу конкурска бардык кружоктор активдүү катышышты. Жаңы жылдык жомоктор, ырлар, бийлер жана ®оргөзмө уюштурулду. “Билим жана Техника жумалыгынын” алкагында бир жумалык райондук денгээлде чоң иш чара өткорүлдү. Райондун өндүрүш тармактарына экскурсиялар, выставка, жана конкурстар уюштурулду.

VII. Эс алуу учурундагы иш чараларды талдоо.

2017-2018 окуу жылына карата каникул убагында өткөрүлчү иш чаралардын планы иштелип чыккан жана бекитилген.

  • Кышкы каникул убагында Жаны жылдык балатылардын ар кандай стилдеги көргөзмөсү откөрүлдү.
  • Балдар үчүн дискотека;
  • -«Занимательная информатика» – 14 апрель экскурсия № 61 мектепте өткөн техникалык проекттердин коргөзмөсүн 7 окуучу көрүп кайтышты.
  • 9 май өлбөс полк жүрүшүнө чыгышты;
  • 20 майда түнкү музейде болушту;

30-1 майда «Стендовых модели –копии» деген аталышта шаардык  көргөзмөсү уюштурулду;

Шахматтык турнирлерге катышуулары;

Февраль айында «Кока-Кола» ,«Кыргыз Темир Жолу», «Ильбирс», «Кыял»  «Риха»; проф. Лицей № 92, НАХ КР,  өндүрүштөрүнө экскурсия уюштурулду.

Парктарга жана ар кандай коргозмөлөргө баруу.

IX. Профессионалдык конкурстарда жана кароолордо жетишкен ийгиликтерибиз:

Кружоктун аталышы, студиясы Кайда? Качан?   орундар
1 «Электроника и электромеханика»-

Жевакин В.Н «Компьютерный дизаин» Джеенбекова Ж.А

РДиТА « Алтын Туюн»  23 октября 1 – орун
2 «Электроника и электромеханика»-

Жевакин В.Н, «Занимательная информатика» -Буренко Л.А.

Конкурс исследовательских проектов 2 -орун
3 «Художественная мастерская»- Монолдоров М.Ш Китай 10 октября 2 -орун
4 «Самоделкин» – Сатарова А.Ж Разработка логотипа для фестиваля «Гулдор майрамы» Почетная грамота
5 «Марья искусница»- Адра Т.В. Конкурс «Все дело в шляпе» в номинации «Из глубин времен» 2 -орун

 

  1. X. Мектептен тышкары кошумча билим берүү ведомствосу катары өнүгүүсү.

Ленин районунун Жаш техниктер станциясына техникалык багыттагы кружокторду өркүндөтүүгө керектүү шаймандар менен камсыз болуусу үчүн жана жаңы имарат тургузууга каражат табуу ж.б.

 

  1. 2019 жылга Максаттар.
  2. СЮТтун билим берүү жагын мыктылоо.

– кошумча билим берүү программасында билимдин көлөмүн жана чөйрөсүн көбөйтүү.

– баланын инсандык өсүүсүнө жана профессионалдуу өзүн- өзү таануусуна жардам берүүгө багытталган жаңыча мыктыланган окуу программасын иштеп чыгуу;

– Өспүрүмдөрдүн талабына жооп берген көп кырдуу кошумча билим берүү программасын өнүктүрүү ;

– СЮТтун тарбия иштеринде иш чараларды жүзөгө ашыруу.

  1. Башкаруу системасын мыктылоо.

– Өндүрүштөр, организациялар менен болгон партнёрлук байланышты кенейтүү.

– СЮТ тун МТБ сын мыктылоо.

  1. СЮТ тун кадр саясатын иштеп чыгуу

– Кадрларды жакшыртуу максатында кадр саясатынын алкагындагы программаны улантуу

– Юридикалык маданият чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырууБиздин этап менен максаттуу иш аракеттерибиз биздин көрсөткөн кызматыбыздын сапатынын жакшырышына жана келечекте СЮТтун өнугүшүнө жол ачат деп ойлойбуз.СЮТтун алдында жаңы окуу жылында техникалык багыттагы жаңы тажрыйбалуу кружок жетекчилерин кабыл алуу жана биздин иш аракеттерибизге спонсор табуу маселеси турат.